Апакем - Нуржан Тумонбаева

获取下载链接
歌词

作词 : Kanatbek Ergeshov

作曲 : Jazgul Zhumakanova

Эң бир сулуу апа сенин көздөрүң

Эң бир ыйык кымбат сенин сөздөрүң

Эркелетип мээрим төгүп өстүрдүң

Эс тартып мен кең ааламга көздөдүм

Жайнап турса көзүңүздө кубаныч

Жаныңызга мен барганда кубанып

Жан апама узун өмүр берсин деп

Жараткандан тилеп келем суранып, суранып

Азыр барсам маңдайымдан сылайсың

Амандыгын балдарыңдын сурайсың

Апа болуп турсам дагы турмушта

Апакем ай, балаңмын да кыйбайсың

Жайнап турса көзүңүздө кубаныч

Жаныңызга мен барганда кубанып

Жан апама узун өмүр берсин деп

Жараткандан тилеп келем суранып, суранып

Сагынычка толуп бүгүн көөдөнүм

Сапар тартып айылыма жөнөдүм

Сезимдерим апа сизди сагынды

Сыйкыр дүйнөң кучагыңа бөлөгүн

Жайнап турса көзүңүздө кубаныч

Жаныңызга мен барганда кубанып

Жан апама узун өмүр берсин деп

Жараткандан тилеп келем суранып, суранып

Жан апама узун өмүр берсин деп

Жараткандан тилеп келем суранып, суранып